Өлкөдө жарым миллиондон ашык балага сүйүнчү акча берилди

2018-жылдын январь айынан бери мамлекет жаңы төрөлгөн ымыркайга 4 000 сом өлчөмүндө сүйүнчү акча төлөп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда үч жылдан бери 546 975  балага сүйүнчү жөлөк пулу берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 2018-жылдын январь айынан бери мамлекет жаңы төрөлгөн ымыркайга 4 000 сом өлчөмүндө сүйүнчү акча берет. Долбоор иштеп баштагандан бери жөлөк пулду жарым миллиондон ашык адам алган.
"2021-жылдын 10 айында аймактык бөлүмдөргө балага сүйүнчү алуу үчүн 123 071 адамдын арызы түшкөн", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик аталган жөлөк пулду алуу үчүн ата-эне бала төрөлгөн күндөн алты айга чейин каалаган Калкты тейлөө борборуна кайрылышы керектигин эскертти. Мындан сырткары, аны алуу үчүн арызды "Түндүк" порталы аркылуу да жиберсе болот.
Арыз толтурууда көрсөтө турчу маалыматтар: