Заара таштар оорусу боюнча Кыргызстан эндемикалык зонага киргендиктен олуттуу маани берилиши керек. Мындай маалыматты Жуман Мырзалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, климаттын өтө ысык жана кургак болушуна байланыштуу өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында заара таштар оорулары көп кездешет.
"Бизде көп тараган оорулардын катарында заара таштар оорусу катталууда. Аталган илдет боюнча дүйнөдө Кыргызстан эндемикалык зонага кирет. Статистикага таянсак, калктын дээрлик алты пайызы заара таштар оорусунан жабыркайт. Айрыкча өлкөнүн түштүк аймагындагы Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында көп катталат. Климаттын өтө ысык, кургак болушу, регион жашоочуларынын сууну туура эмес колдонушу оорунун чыгышына себеп болгону илимий жактан далилденген. Демек, суунун курамындагы зыяндуу элементтердин көптүгүнөн келип чыгып жатат", — деди Мырзалиев.
Ошондой эле дарыгер өлкөдө акыркы учурларда заара бөлүп чыгаруучу органдардын онкологиялык оорулары байкалып жаткандыгын кошумчалады.