Радио

Байдалиев: 2022-жылдын түшүмү үчүн 5000 тонна үрөн даярдалды

Айыл чарба министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин үрөндү сертификациялоо бөлүмүнүн башчысы Дамир Байдалиев дыйкандарга 1000 тонна үрөн таратылганын маалымдады.
Sputnik
Чарбалар 2022-жылдын түшүмү үчүн 5000 тонна үрөн даярдады. Бул тууралуу Дамир Байдалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, үрөн дыйкандарга 30 пайыздык дотация менен таратылууда.
"Дыйкандарды үрөн менен камсыздоо үчүн алгылыктуу иштер жасалууда. Алсак, күздүк айдоого Өзбекстандан 1000 тонна үрөн алып келинип, дыйкандарга таратылды. Бул кургакчылыктан улам жетпей калган үрөндүн ордун толуктады. Мамлекеттик дотациялоого ылайык, күзгү айдап-себүү иштерине 27 миллион сом каралып, 43 чарба менен келишим түзүлдү. Жалпы суммасы 23 миллион сомго 2100 тонна үрөн Ош, Чүй, Жалал-Абаддын фермерлерине таратылды. Чарбалар 2022-жылдын түшүмү үчүн күздүк себүүгө 5000 тонна үрөн даярдады. Дыйкандар дотациялоо дегенди туура түшүнүшү зарыл. Өндүрүлгөн үрөндүн өз наркы бар. Ошондуктан акысыз берилбейт. Чарбалар өндүрүлгөн үрөндүн чыгымын эсептеп чыгып баа коёт. Мына ошонун 30 пайызын мамлекет төлөйт. Мисалы, учурда буудайдын наркы 36 сом болсо, анын 11 сомун мамлекет бөлөт. Ошондо дыйкандын колуна үрөн 25 сомдон тийип калат", — деди Байдалиев.
Ошондой эле ал үрөндү дотациялоо боюнча мыйзам эки жылдан бери иштеп жатканын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: