"Түндүк электр" ишканасынын башкы директору алмашты

Буга чейин ишкананы жетектеп келген Азамат Кожомкулов өз ыктыяры менен кызматынан кеткен. Директорлор кеңеши анын арызын кабыл алды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасына Нурдин Осмонов башкы директор болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Кечээ, 23-ноябрда, "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин жыйыны болгон. Анда буга чейин ишкананы жетектеп келген Азамат Кожомкулов өз ыктыяры менен кызматынан кеткен. Кеңеш анын арызын кабыл алып, бул кызмат орунга Нурдин Осмоновду дайындаган.