Шаршенбек Абдыкеримов шайлоодон четтеп, УОК жана федерация башчылыгынан кетти

Абдыкеримов спорт тармагындагы жетекчилик кызматтардан ден соолугуна байланыштуу отставкага кетүүнү чечкен.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Шаршенбек Абдыкеримовду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон чыгарды.
Буга Абдыкеримов шайлоого катышуудан баш тартып, талапкерлигин алуу боюнча БШКга жазган арызы негиз болду. Ал №33 Нарын шайлоо округунан көрсөтүлгөн болчу.
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
Аны менен катар эле Абдыкеримовдун Улуттук олимпиада комитетинин төрагалыгы жана Күрөш федерациясынын президенти кызматтарын да тапшырып бергени белгилүү болду. Анын жазган арызынын сүрөтүн Күрөш федерациясы Instagram баракчасына жарыялады.
Анда ал ден соолугуна байланыштуу отставкага кетүүнү чечкени көрсөтүлгөн.