Өзбекстанга дары-дармекти мыйзамсыз ташып бараткандар кармалды. Сүрөт

Шектүүлөр беш коробкага салынган 380 таңгак дары-дармекти аткезчилик жол менен алып чыгып баратканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. – Sputnik. Кыргызстандан Өзбекстанга дары-дармекти мыйзамсыз ташып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Кыргызстандан Өзбекстанга дары-дармекти мыйзамсыз ташып бара жаткандар кармалды
Жүк жүктөлгөн автоунааны 24-ноябрда Айдаркен чек ара отрядынын жана УКМКнын кызматкерлери колго түшүргөн.
"Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунан Chevrolet Spark үлгүсүндөгү автоунаа кармалды. Анын ичинде Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары болгон. Алар аткезчилик жол менен беш коробкага салынган 380 таңгак дары-дармекти алып чыгып баратышкан", — деп айтылат маалыматта.
Кармалган жарандар менен жүк тийиштүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди.