Ош шаарында дагы көмүр 3 миң сомдон сатыла баштады. Даректери

Базарга салыштырмалуу төмөн баада коюлуп жаткан көмүрдү бир үй-бүлө бир тоннага чейин сатып алса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бүгүндөн тарта Ош шаарында Өзгөн жана Алай райондорунун көмүрү арзан сатыла баштады. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, эки компания менен жалпы 700 тоннага келишим түзүлгөн. Бүгүн 112 тоннасы алып келинип, аны ташып келүү үчүн беш техника бөлүнгөн.
"Учурда муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагында жети жерге көмүр сатуу жайлары уюштурулду. Өзгөн көмүрүнүн тоннасы 3 000 сом, Алайдыкы 4 000 сом деп бекитилди. Базарга салыштырмалуу төмөн баадагы көмүрдү бир үй-бүлө бир тоннага чейин сатып алса болот", — деп айтылат маалыматта.
Арзан көмүр сатуучу жайлардын дареги:
Буга чейин Ош облусунда дагы арзан көмүр сатыла баштаганы айтылып, даректери жарыяланган.