Окумуштуулар жерди сугарууда сууну үнөмдөө ыкмасын ойлоп тапты

Кургак жерлерде айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап, өстүрүү оңой иш эмес жана бул көйгөй менен кыргызстандык агрономдор бет келген учурлар арбын.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Алтай мамлекеттик университетинин (АлтМУ) Түркология жана алтаистика боюнча "Чоң-Алтай" деп аталган илимий билим берүү борборунун окумуштуулары Кыргызстан, Германия, Казакстан жана Өзбекстандын кесиптештери менен биргеликте кургак жерлерди иштетүү үчүн сууну сактоо технологиясын иштеп чыкты.
Кургак жерлерде айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап, өстүрүү оңой иш эмес жана бул көйгөй менен кыргызстандык агрономдор бет келген учурлар арбын. Жайып сугаруу бир топ кымбат туруп, ага көп көлөмдөгү суу кетет.
"Ресурска сарамжалдуу мамиле жасоо азыркы заманда өтө чоң мааниге ээ. Жаңы технологиялар сууну арыксыз эле жеткирип, ошол жерде нымдуулукту сактап турууга эсептелген. Изилдөө жүргүзүү үчүн агрометеорологиялык стационарларды, тагыраагы, үч башка тереңдикке орнотулган датчиктери бар өзү иштеген метеорологиялык станцияларды колдондук. Алар температура, нымдуулукту өлчөп жана жерди сугарып, аны өсүмдүккө жеткирүү деңгээли сындуу маанилүү учурларды байкап турат", — деп Sputnik агенттигине АлтМУнун экономикалык география жана картография кафедрасынын доценти Андрей Бондарович айтып берген.
1 / 7
Агромониторинг жүргүзүү үчүн дрон учуруу маалы
2 / 7
Кыргызстанда иш баштаган окумуштуулардын экспедициялык тобу
3 / 7
Кургак жерлерде айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап, өстүрүү оңой иш эмес жана бул көйгөй менен кыргызстандык агрономдор бет келген учурлар арбын.
4 / 7
Жаңы технологиялар сууну арыксыз эле жеткирип, ошол жерде нымдуулукту сактап турууга эсептелген
5 / 7
Изилдөө жүргүзүү үчүн үч башка тереңдикке орнотулган датчиктери бар өзү иштеген метеорологиялык станциялар колдонулган
6 / 7
Алынган маалыматтар системада сакталып жана аларды онлайн көрсөтүп турат
7 / 7
Анализдин жыйынтыгы менен сууну тарта берүү же кээ бир жерлерди, тескерисинче, сугаруу иштери жасалат.
Окумуштуунун айтымына караганда, алынган маалыматтар системада сакталып жана аларды онлайн көрсөтүп турат. Муну менен өсүмдүккө суу жетиштүү деңгээлде сакталып турганына анализ жасалат да, зарылдык жаралса, ички ресурстан канча суу керек болорун көрсөтөт.
Анализдин жыйынтыгы менен сууну тарта берүү же кээ бир жерлерди, тескерисинче, сугаруу иштери жасалат.
Түрк элдеринин азыркы урпактары: көчмөндөр, малчылар, боз үй жана "Манас"
Глобалдуу жылуулук, жердин арыктап, бузулушу, суунун тартыштыгы жана дүйнө калкынын көбөйүшү сындуу көрүнүштөрдөн кийин көп мамлекеттерде ресурстарга сарамжал мамиле кылуу талабы өсүп бара жаткандыгын Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин профессору Нурдин Карабаев белгиледи.
"Бүгүн Кыргызстандагы мамлекеттик саясат климаттын глобалдуу өзгөрүүсүнүн терс таасирлерин адаптациялоо чараларын иштеп чыгууга, парник газдарын азайтуу боюнча эл аралык колдоону күчөтүүгө багытталган. Иштелип чыккан жаңы кадамдар өлкөдөгү кайрак жана сугат жерлерди иштетүүдө өтө актуалдуу", — деди ал.
Карабаевдин пикиринде, илимий изилдөөлөр аймактарга кайсы өсүмдүктөрдү эгүү майнаптуу болорун көрсөтүп берет.
"Аталган станциялар алып берген маалыматтарды нымдуулук тартыш болгон учурда өсүмдүктү кайсы жерге айдоо керектигин аныкташ үчүн колдонсо болот. Маселен, 2021-жылы суу аз болуп, жер иштеткен кыргызстандык агрономдор түшүмдүн 25-30 пайызын албай калган учурлар кездешти", — деген ал.
Быйыл кыргызстандык, анын ичинде Чүй облусунун дыйкандары суунун аздыгынан чыгымга учурап, кыйынчылыкка кабылганын айтып, Айыл чарба министрлигинен абалды оңдоо үчүн чара көрүүнү талап кылышкан.
Ал эми Статистика боюнча улуттук комитет кургакчылыктан улам быйыл өлкөдө эгиндин түшүмү 46 пайызга азайганын билдирген.