Carcheck: бардыгына акча төлөнбөйт. Министрлик кайра башка маалымат берди

Министрликтен автоунаалар боюнча бекер маалымат алган бул кызматтын баары эмес, анын ичинен бир бөлүгү акча төлөп тейлеген ыкмага өтөрүн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Санариптик өнүгүү министрлигинен автоунаалар боюнча бекер маалымат берип келген Carcheck кызматынын кошумча опциялары гана акча төлөп маалымат берген системага өтөрүн билдирди.
Буга чейин кыргызстандыктар арасында кеңири колдонулган бул интернет-ресурс кызматын эми акча төлөгөндөргө көрсөтөрү айтылган эле. Анда бир сурам 10 сом деп бааланган. Санариптик өнүгүү министрлигинен Sputnik агенттигине бул маалыматты тастыктады.
Эми аталган министрлик машиналар жөнүндө жана алардын жол эрежесин бузганы үчүн салынган айып пулдар боюнча маалыматты бекер берет
Эми аталган министрлик машиналар жөнүндө жана алардын жол эрежесин бузганы үчүн салынган айып пулдар боюнча маалыматты бекер берет. Ал эми акчаны транспорттун кожоюну, канча чакырым жүргөнү, сүрөтү жана автоунаа камакта/күрөөдө турабы же жокпу деген маалымат үчүн төлөөгө туура келери кабарланды.
6 жерин майлаңыз. Автоунаага кыштын алдында кантип кам көрүш керек
Акча төлөгөн бизнес-модель өзүн актай турганы, сервистин сапатын жогорулатып, анын өнүгүүсүнө инвестиция болору айтылууда. Мындай ыкма эл аралык тажрыйбадан алынганын кошумчалашты.
Эске сала кетсек, буйруктун долбоорунда да, негиздеме документте да "Транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр тууралуу маалыматтарды тастыктоо" мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин долбоорунда да кошумча маалыматтын акча төлөй турган формага өтөрү боюнча айтылган эмес.