Кыргызстанда акыркы убакта жол кырсыгы жана андан жабыркагандар көбөйдү. Кырсыкты азайтуу жана болтурбоо Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жүктөлгөн. Алар кырсыктын алдын алуу үчүн айдоочу, жөө жүргөндөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жана катталгандан кийин тиешелүү чараларды көрүп жатат. Бирок бул жетишсиз. Себеби системалуу түрдө иш жүрбөгөндүктөн элге таасири жок болууда. Бул тууралуу Темирбек Шабданалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, облустук, райондук деңгээлдеги жолдордун инфраструктурасы талапка жооп бербейт.
"Учурда жол кырсыгынын 85 пайызы айдоочулардын жол эрежесин сактабаганынан улам болуп жатат. БУУнун критерийи боюнча, коопсуз кыймыл үчүн жолдун инфраструктурасы талапка жооп бериш керек. Бизде 4-5 эл аралык трассанын инфраструктурасы (асфальт, белгилер, светофор, парапет) талапка жооп берет. Ал эми облустук, райондук деңгээлдеги жолдордо мунун бири да жок. Андан тышкары, коопсуздук үчүн унаанын техникалык сапаты жакшы болушу кажет. Учурда техникалык кароодон жеңил унаалар гана бошотулган, ал эми автобус, жүк, эл ташуучу унаалар текшерүүдөн (жаз, күз айлары) өтөт. Аварияларды изилдеген мекемелердин корутундусу боюнча, кырсыктаган адамга тез жардам кеч көрсөтүлгөндүктөн жоготуулар арбын болуп жатканы белгилүү болгон. Андыктан окуучу, студенттерге биринчи жардам көрсөтүү боюнча сабактар өтүлүшү керек. Ошондой эле тез жардамдын кызматын күчөтүү зарыл. Буга чейин өкмөттүн алдында беш жыл мурун жол коопсуздугу боюнча атайын комиссия бар болчу. Анда жол коопсуздугунун стратегиясын иштеп чыккан элек. Бул программа эмдигиче кабыл алына элек. Азыр ошол стратегияны жандандырып, ЖМКлар менен биргеликте элге байма-бай маалымат жеткиришибиз абзел", — деди Шабданалиев.
Ал айдоочулук күбөлүктү сатып алуу маселеси дагы деле курч экенин, талапка жооп бербеген автомектептерди иргеп чыгуу зарылдыгын кошумчалады.