БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан 3-декабрга чейин кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кызыл-Кыя" өткөрмө бекети жабылат. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Буга байланыштуу товарлар менен автотранспорттор "Достук" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу жүрүп турмакчы.
"1-3-декабрь аралыгында Кыргызстандын "Кызыл-Кыя", Өзбекстан тараптан "Өзбекстан" бекеттери жабылат. Себеби эки жакта тең жолдор оңдолуп, асфальт төшөлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
4-декабрдан тарта "Кызыл-Кыя" бекети штаттык режимде иштей баштайт.