Темир жолдун Кант — Ивановка бөлүгүндө рельс алдына темир бетон төшөлүүдө. Сүрөт

Ишкананын маалымат кызматы билдиргендей, темир бетон төшөө жумушуна 110 жумушчу тартылган. Бир бетондун салмагы 260 килограмм.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Темир жолдун Кант — Ивановка бөлүгүндө рельстин алдындагы жыгач алынып, анын ордуна темир бетон төшөлүүдө. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4
Темир жолдун Кант — Ивановка бөлүгүндө рельстин алдындагы жыгач алынып, анын ордуна темир бетон төшөлүүдө
2 / 4
Темир жолдун 3811-чакырымында жүрүп жаткан ишке 110 кызматкер тартылган
3 / 4
Бир темир бетондун салмагы 260 килограмм. Жалпысынан рельс алдына 1 840 бетон төшөлөт.
4 / 4
Аны менен катар темир жолду түздөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Билдирмеге караганда, темир жолдун 3811-чакырымында жүрүп жаткан ишке 110 кызматкер тартылган.
"22-ноябрдан 26-ноябрга чейин темир жолдун бир чакырымындагы шпалаларды алмаштыруу тапшырмасы коюлган. Бир темир бетондун салмагы 260 килограмм. Жалпысынан рельс алдына 1 840 бетон төшөлөт", — деп айтылат маалыматта.
Аны менен катар темир жолду түздөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.