Панфиловдун жаңыланган эстелигин Бишкекке алып келе жатышат

Советтер Союзунун Баатыры Панфиловдун жаңыланган эстелигинин ачылыш аземи 2021-жылдын декабрь айынын башында Бишкек калаасында болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. 23-ноябрда Россиянын Свердлов облусунан өзгөчө жүк — Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун жаңыланган эстелигин Кыргызстанга алып кетишти. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлады.
"Панфиловдун эстелигин реконструкциялоо долбоору Кыргыз-Россия аймактар аралык маданий-гуманитардык кызматташтыгынын алкагында, Свердлов дубанынын өкмөтү жана губернатор Евгений Куйвашевдин жеке камкордугу менен ишке ашкан. Эстеликти Свердлов облусу Кыргызстандын борбор шаарына белек кылды", — деп маалымдады ТИМ.
Колодон жасалган скульптура Иван Дубровиндин жетекчилиги менен эстелик куюучу "Дубровин" устаканасында даярдалган. Ал Бишкектеги генерал-майордун өзүнүн атынан коюлган Панфилов паркындагы эстеликтин түп нускасынын кѳчүрмѳсүнүн негизинде куюлган.
Эстелик жүктѳлгѳн автоунааны Бишкек шаарына КРдин Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Руслан Бийбосунов жана "Дубровин" устаканасынын жумушчулары жөнөткөн.
Жаңыланган эстеликтин ачылыш аземи 2021-жылдын декабрь айынын башында Бишкек шаарындагы сейил багында, Кыргызстан менен Россиянын расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда болмокчу. Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Москванын жанында советтик аскерлердин фашисттик баскынчылар менен генерал Иван Панфиловдун башчылыгы астында кан кечип салгылашкан 316-аткычтар (8-гвардиялык) дивизиясынын аскерлери көрсөткөн эрдиктин 80 жылдыгына карата өткөрүлөт. Бул тарыхта чечүүчү согуш болгону айтылып келет.
Бишкекте Улуу Ата Мекендик согушта Москваны коргогондор эскерилди. Сүрөт
Маалымат үчүн: 1941-жылдын 16-ноябрында Дубосеково жолундагы салгылашта Москваны фашисттик баскынчылардан коргоо учурунда 316-аткычтар (8-гвардиялык) дивизиясынын 28 жоокери немецтердин жыйырмага жакын танкасын жок кылып чабуулду токтотушкан.
Кийин немецтик генералдар Панфиловдун легендарлуу дивизиясынын каармандыгына баа берип, панфиловчуларды коркуу сезими жок, туткунга түшкөндөн көрө өлүп калалы деген "жапайы аскер" катары сүрөттөшкөн.
Панфиловчулардын катарында Чүй облусунан чакырылган Дүйшөнкул Шопоков дагы эрдик көрсөтүп курман болгон.
Панфилов дивизиясы 1941-жылдын июнь-август айларында түзүлгѳн. Дивизиянын негизги түптѳлүшүн Кыргызстан менен Казакстандын тургундары түзгѳн. Дивизиянын командири генерал-майор Панфилов Кыргыз ССРинин аскер комиссары болгон.
Панфиловдун эстелиги кыргыз жергесинде 1942-жылдын ноябрь айында тургузулган. Ал бүткүл Советтер Союзунда биринчи болуп Экинчи дүйнөлүк согуштун баатырларын түбөлүккө калтырган.