Радио

Халиалдаева: бишкектик окуучулар Мегаполис олимпиадасына катышат

Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын маалымат катчысы Мээрим Халиалдаева учурда мектеп жана бала бакчаларда эпидемиологиялык абал туруктуу экенин билдирди.
Sputnik
Бишкек шаарынын орто мектептеринин 10-11-класстарынын окуучулары Мегаполис олимпиадасына кызуу даярданып жатышат. Бул тууралуу Мээрим Халиалдаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып маалымдады.
Анын айтымында, өткөн окуу жылында борбор калаанын окуучулары тайпалык эсепте коло медалды багындырган.
"Мегаполис олимпиадасы 2016-жылдан бери Москва шаарында өткөрүлүп келет. Ал эл аралык деңгээлдеги таймаш болуп, 10-11-класстын окуучулары сегиз кишиден турган тайпа түзүп катышат. Олимпиада математика, химия, физика жана информатика сабактарынан жүргүзүлөт. Алгачкы жылы эле ага дүйнөнүн 22 чоң шаарынан 170тен ашуун команда катышкан. Бишкектин командасы дагы башынан бери эле катышып келет. Пандемия учурунда да олимпиада токтогон жок, онлайн форматта жүрүп жатты. Учурдан пайдаланып биз бардык кыргызстандыктарды биздин тайпаны колдоп турууга чакырып кетем", — деди Халиалдаева.
Ал, мындан сырткары, борбор калаадагы мектептер арасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата көркөм окуу сынагы да жарыяланганын кошумчалады.