Бишкекте троллейбус, автобустар кышкы графикке өттү. Каттамдар

Троллейбус, автобустарды каттамга үзгүлтүксүз чыгарып турууну камсыз кылган техникалык түзүмдүн иши күчөтүлгөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкекте кышка карата автобус менен троллейбустардын иш графиги узартылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, эми муниципалдык коомдук транспорт 22:00гө чейин иштейт. Күн жылууда алар 21:00гө чейин каттачу.
"Аба ырайы өзгөргөндүгүнө байланыштуу автоунаа көп жүргөн маалда (17:00дөн 19:00гө чейин) муниципалдык коомдук транспортту чыгаруу үчүн бардык аракет көрүлөт. Троллейбус, автобустарды каттамга үзгүлтүксүз чыгарып турууну камсыз кылган техникалык түзүмдүн иши күчөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Автобустардын жүгүртмөсү менен маршруттары:
Троллейбустардын жүгүртмөсү менен маршруттары:
Мэриянын маалымат кызматы борбордук көчөлөрдө автоунаа көп болгондуктан тыгын жаралып, коомдук транспорттун аралыгы созулуп кетип жатканын белгилеген.