БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 24-ноябрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ат-Башы райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылып, ишке берилди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ачылыш салтанатка УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү өздүк курамы жана жетекчилиги, коопсуздук кызматынын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
"Ат-Башы райондук бөлүмүнүн жаңы курулган имараты кызматкерлер үчүн керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган, иштөө шарттары талапка жооп берет", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, УКМКнын Нарын облусу боюнча имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлгөнү кабарланды. Имараттын алдыңкы бөлүгү толугу менен жаңыланып, спорт залы да пайдаланууга берилди.
Коопсуздук кызматынын бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери улантылары кошумчаланды.