Бишкек: 71 iPhone смартфонун мыйзамсыз алып кирмек болгон киши кармалды. Сүрөт

Аткезчилик аракетти "Манас" эл аралык аэропортундагы бажы кызматкерлери байкап токтоткону, жүргүнчүнүн Дубай — Бишкек каттамы менен келгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Акыркы үлгүдөгү iPhone смартфондорун контрабанда жолу менен алып кирүүгө аракет кылган киши кармалганын Бажы кызматынан кабарлашты.
Товардын баасы 8 миллион 279 миң 448 сом экени аныкталган. Ал киши 71 iPhone аппаратты — 12 PRO, 12 PRO MAX, 13 MINI, 13 PRO, 13 PRO MAX үлгүдөгүлөрүн алып кирүүгө ниеттенген.
1 / 2
Акыркы үлгүдөгү iPhone смартфондорун контрабанда жолу менен алып кирүүгө аракет кылган киши кармалганын Бажы кызматынан кабарлашты
2 / 2
Товардын баасы 8 миллион 279 миң 448 сом экени аныкталган. Ал киши 71 iPhone аппаратты — 12 PRO, 12 PRO MAX, 13 MINI, 13 PRO, 13 PRO MAX үлгүдөгүлөрүн алып кирүүгө ниеттенген.
Аткезчилик аракетти "Манас" эл аралык аэропортундагы бажы кызматкерлери байкап токтоткону, жүргүнчүнүн Дубай — Бишкек каттамы менен келгени айтылды.
"Ал бажы көзөмөлүндөгү "жашыл коридор" түрүн тандап, кызматкерге декларация толтура турган товары жок экендигин айткан. Жүргүнчү бажы көзөмөлү жасалган аймактан чыгып кетүүгө аракет кылганда кармалган", — деп айтылат маалыматта.
Бул факт катталып, андан аркы тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берилген.