Sputnik агенттигинин атын жамынгандар фейк жаңылыктарды чыгарууда

Буга чейин дагы агенттикке эч кандай тиешеси жок жалган маалыматтар чыккан. Sputnik Кыргызстандын башкы редактору редакция шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышпастыгын, өзгөчө талапкерлердин "кара пиарына" байланышкан материалдарды чыгарбай турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Социалдык тармактарга Sputnik Кыргызстандын атын жамынган белгисиз адамдар парламенттик шайлоого катышып жаткан саясатчылар жөнүндө маалыматтарды чыгарып жатышат.
Бул материалдар Sputnik агенттигинин логотибин колдонуу менен чыгарылган. Мындай фейк жаңылыктарга редакциянын тиешеси жок. Андагы маалыматтар Sputnik агенттигинин сайтына жана соцтармактагы расмий баракчаларына жарыяланган эмес.
"Биз шайлоо жарышына катышып жаткан саясатчылардын билдирүүсү делген маалыматтарды сайтыбызга чыгарган эмеспиз. Такталган маалымат — Sputnik Кыргызстандын эң башкы принциби. Мындай күмөн жараткан жаңылыктарга туш болгон окурмандарды маалыматты сайттан же агенттиктин соцтармактардагы расмий баракчаларынан текшерип алууга чакырабыз", — деди Sputnik Кыргызстандын башкы редактору Эркин Алымбеков.
Ал ошондой эле редакция шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышпастыгын, өзгөчө талапкерлердин "кара пиарына" байланышкан материалдарды чыгарбай турганын белгиледи.
Буга чейин дагы агенттикке эч кандай тиешеси жок жалган маалыматтар чыккан.