Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды. Тизме

Кызмат ордунан кол жуугандардын арасында театрда, маданият үйүндө иштегендер, машыктыруучулар да бар.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Шайлоо өнөктүгүнө катышкан бир катар маданият жана спорт өкүлдөрү кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.
Билдирмеге караганда, кээ бир кызматкерлерге дисциплинардык чара көрүлгөн.
"Бул аракет президенттин "Жогорку Кеңешке депутаттарды эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу чаралары жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында жасалды", — деп айтылат маалыматта.
Маданият жаатында шайлоо өнөктүгүнө катышканы аныкталып кызматтан кеткендер:
Сөгүш берилгендер:
Sputnik агенттигинин атын жамынгандар фейк жаңылыктарды чыгарууда
Эске салсак, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга, кызмат ордунун же кызмат абалынын артыкчылыктарын кайсы бир талапкердин же саясий партиянын пайдасына колдонууга тыюу салуу тууралуу буйрук чыккан. Аны бузган учурда ээлеген кызматынан бошотулары же ага карата чара көрүлөрү так жазылганы айтылды.