Пресс-борбор

Кыргызстанда өсүмдүк майын өндүрүү боюнча кластер түзүлөт

Министр кайра иштеткендерди жергиликтүү сырьё менен камсыз кылуу үчүн беш жылдык программа иштелип чыкканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда өсүмдүк майын өндүрүү боюнча кластер түзүлөт. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Sputnik агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
Ал Кыргызстанда азыраак көлөмдө өсүмдүк майы өндүрүлөрүн айтып, азык көбүнчө сырттан алып келинерин белгилеген. Ошондой эле кайра иштеткендерди жергиликтүү сырьё менен камсыз кылуу үчүн беш жылдык программа иштелип чыкканын айткан.
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков
"Биз кластердик системаны киргизип жатабыз. Анын бири — өсүмдүк майын өндүрүү боюнча кластер. Бул жаатта мамлекет тарабынан чоң колдоо көрсөтүлүп, мамлекеттик айыл чарба фондунан жер, арзан насыя берилмекчи", — деди министр.
Ал учурда өлкөдө кайра иштеткен үч ири компания бар экенин айтып, бирок аларга сырьё жетишсиз болуп жатканын кошумчалады.