БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Түшүм начар болгонуна карабай, өлкөдө буудай тартыш болбойт. Бул туурасында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстандын пресс-борборунда өткөн брифингде айтты.
Министрден быйыл кайсыл дан эгининен түшүм аз жыйналганын жана анын азык-түлүк коопсуздугуна таасири канчалык экенин сурашкан.
"Буудай азыгына токтолгум келет. Быйыл үрөн, тоют буудайы жана арпа данынын 35-38 пайызы жыйналбай калды. Бирок бул Кыргызстандын буудайынын жалпы көлөмүнө таасир эте албайт. Эгерде киши башына эсептегенде, ар бир кыргызстандык орточо эсеп менен 115 килограмм керектейт. Учурда мындай көлөмдөгү буудай бар, ошондуктан тартыштык боюнча тынчсызданууга негиз жок", — деди министр.
Ал буга төмөнкү жүйөлөрдү келтирди: