Кыргызстандын 5,5 млн. долларлык тарыхый келишими. Россия менен алака

"Дастан" трансулуттук корпорациясы Россиянын Аскер-деңиз флотуна УСЭТ-85 (электр торпедосу) жана аны текшерүү-жөнгө салуу станциясы үчүн 54 аппараттык модуль жасап бермекчи.
Sputnik
Бул боюнча аталган ишкана "Рособоронэкспорт" акционердик коому менен (аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында) 459 миллион сомдук (5,5 миллион доллар) келишим түздү. 
"Дастан" трансулуттук корпорациясы "Рособоронэкспорт" акционердик коому менен келишим түздү. 
Сүйлөшүүлөр бир жылга чукул жүргөн. 2021-жылдын апрель айында Россия тарап өндүрүш менен таанышып чыгып, продукцияларды көрүп, жасатууга макулдугун берген.
"Россия Федерациясынын коргонуу кызыкчылыгы үчүн "Дастан" ишканасы менен иштешүүбүздүн башталышы деп эсептейм. Мындан аркы да кызматташууга ишеним артабыз", — деген РФтин Коргонуу министрлигинин Коргонууну камсыздоо боюнча буюртмалар департаментинин өкүлү Олег Витютнев.
"Дастан" корпорациясы буга чейин негизинен Индия менен иштеп келген. 
"Дастан" корпорациясы буга чейин негизинен Индия менен иштеп келген. 
"Россия Федерациясынын дүйнө жүзү боюнча эң чоң флоту бар экенин билесиңер. Жаңы багытыбызды ошол жакка жасап, изилдеп чыгып, сунуштадык. Эми мындан аркы көп келишимдер алдыда", — деген "Дастан" ишканасынын башкаруучулугунун төрагасы Иманов.
Жетекчи бул макулдашуу россиялык өнөктөштөргө "Дастандын" потенциалын көрсөттү деп эсептейт.