БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда мыкты спортчулар менен спорт ишмерлерин аныктаган "SportsAwards — 2021" сынагынын номинанттары бекитилип, добуш берүү башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери боюнча министрлик кабарлады.
Сыйлык тапшыруу аземи 1-декабрда Улуттук филармонияда болот. Иш-чара быйыл жетинчи жолу өтүүдө. Быйылкы саамалык министрликтин алдындагы Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жана Улуттук олимпиада комитети менен өнөктөштүктө уюштурулуп жатканы белгиленет.
"Жеңүүчүлөр жалпы элдик добуш берүүнүн жана эксперттик комиссиянын баалоосунун негизинде аныкталат. Добуш берүүдө талапкерлерди тандоо topsport.kg сайтында жана анын социалдык тармактагы расмий баракчаларында өткөрүлөт", — деп жазылган маалыматта.
"Улуттук спорттун түрү боюнча мыкты спортчу" наамына талапкерлер:
Мыкты машыктыруучу:
Олимпиадалык спорт боюнча мыкты спортчу мырза:
"Мыкты спортчу айым" наамына үч балбан кыз талапкер:
Мыкты машыктыруучу:
Олимпиадалык эмес спорт боюнча мыкты спортчу мырза:
Мыкты спортчу айым:
Мыкты машыктыруучу:
"Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында мыкты спортчу" наамына талапкерлер:
Жыл жаңырыгы:
Мыкты улакчы:
ММА боюнча мыкты мушкер:
Мындан сырткары, иш-чаранын негиздөөчүсүнүн атайын сыйлыгы, "Мыкты меценат" жана "Мыкты федерация" наамдары каралган. Ошондой эле Улуттук олимпиада комитети Мурат Саралиновдун атындагы сыйлыктын ээлерин да өз алдынча аныктайт. Бул сыйлыктын алкагында олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча бирден спортчу мырза жана спортчу айым тандалып 1 000 доллар өлчөмүндө акчалай сыйлык берилет.