Кыргызстандын атайын аскерлери Тажикстандагы ЖККУнун машыгуусуна катышты. Сүрөт

Кобальт-2021  машыгуусундагы аскер кызматкерлери
"Кобальт-2021" атайын тактикалык аскердик машыгуусуна алты өлкөнүн аскер күчтөрү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Тажикстандын "Фахробод" аскердик полигонунда "Кобальт-2021" аталышындагы атайын тактикалык аскердик машыгуу өттү. Иш-чарага ЖККУнун ыкчам аракеттенүү күчтөрү жана Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы аскер бөлүгү катышканын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Канттагы Россиянын авиабазасынын терроризмге каршы бөлүгү окуу-машыгуунун жүрүшүндө көзөмөлдөп өткөрүү пунктунан каршылаштын чабуулун артка кайтарды
Канттагы авиабазага диверсиялык топ "кол салды". Машыгуунун сүрөттөрү
Аскердик машыгууга катышкан Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөп, иш-чара жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи.
Тартылган бардык жоокерлер жана атайын багыттагы күчтөрдүн ыкчам штабы биргелешкен жана жогорку кесипкөйлүк жөндөмдөрүн көрсөтүшүп, бул машыгуулардын ийгиликтүү жыйынтыгынын ачкычы болуп калды.
"Учурда трансулуттук кылмыштуулук, экстремизм жана баңгизатка байланыштуу кылмыштар эл аралык масштабда жайылып, дүйнө тынчтыгына, коопсуздугу менен бейпилдигине коркунуч туудурган бүгүнкү заманда атайын машыгуулар жана Жамааттык күчтөрдүн биргелешкен аракеттеринин практикалык тажрыйбасы өзгөчө маанилүү. Өткөрүлүп жаткан машыгуулар кылмыштуулук менен күрөшүүгө чоң салым кошуп, мамлекеттерибизде туруктуулукту жана тынчтыкты сактоого кызмат кылат деп ишенем", — деген министрдин орун басары.
Сөзүнүн соңунда Урмамбетов кезектеги "Кобальт-2022" машыгууларын Кыргызстанда өткөрүү пландалып жатканын билдирип, аны уюштурууда ар тараптуу колдоо жана жемиштүү кызматташуулар болоруна үмүт артарын белгиледи.