Коронавирус 69 кишиден аныкталып, эки бейтап көз жумду. Соңку статистика

Кечээтен бери Жалал-Абад облусунда коронавирустун жаңы учуру катталган эмес. Илдет илештиргендердин басымдуу бөлүгү ордо калаада.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада 69 адамдан коронавирус табылып, 100 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
Илдет илештиргендердин жалпы саны 182 953кө жетти. Анын ичинен 177 599 адам дартты жеңген.
Тилекке каршы, бир суткада оору эки адамдын өмүрүн алган. Аларды кошкондо жалпы 2 729 киши коронавирустун курмандыгы болду. Азыркы учурда өлкө боюнча 458 адам ооруканаларда, ал эми 633 бейтаптын амбулатордук шартта дарыланып жатканы айтылды.