Пресс-борбор

Кыргызстандын авиакомпаниялары эмнеге ЕБдин кара тизмесинен чыга электиги айтылды

Настаев Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгуу үчүн биринчи кезекте Жарандык авиация агенттигинин структурасын жана нормативдик базасын карап чыгуу керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борборунда өткөн брифингде эмне себептен Кыргызстандын авиакомпаниялары Евробиримдиктин кара тизмесинде экенин түшүндүрдү.
Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев
"Негизги көйгөй катары көбү айлык маянанын төмөндүгүн айтышат. Мен буга кошула албайм. Анткени агенттикте азыр айлык акы жакшы эле төлөнөт. Бизде учактардын коопсуздугун көзөмөлгө алган толук кандуу нормативдик эреже жок. Ошол себептен Евробиримдиктин кара тизмесиндебиз. Бул деген стандарттуу эксплуатациялык процедуралар жазылган эмес дегенди түшүндүрөт", — деди ал.
Настаев 2009-жылы өкмөттүк программа бекитилгенин айтып, бирок ал эскирип, азыркы коопсуздук талаптарына жооп бере албай турганын белгилеген.
Пресс-борбор
Кыргызстанда учак билети бир топ арзандады. Авиация агенттигинин маалыматы
"Андан бери 12 жыл өттү. Бул программаны өзгөртүп, толукташ керек. Биз Аба кодексин жана авиациялык эрежелерди жаздык. Бирок бул эрежелерди аткаруу процедурасын киргизе элекпиз. Ошол себептен кара тизмеден чыгаруу боюнча жумушту кайрадан баштоо керек. Мунун айланасында иштерди алып барып жатабыз. Садыр Жапаров бир жыл ичинде кара тизмеден чыгуу тапшырмасын койгон", — деди Жарандык авиация агенттигинин башчысы.
Настаев Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгуу үчүн биринчи кезекте Жарандык авиация агенттигинин структурасын жана нормативдик базасын карап чыгуу керектигин кошумчалаган. Буга бери дегенде 3-4 ай керектелет.
Белгилей кетсек, Евробиримдиктин баамы боюнча, кара тизмеге коопсуздук менен камсыз кылуу маселесин чече элек авиакомпаниялар киргизилет. Алар тизмеден чыкмайынча ЕБдин асманынан уча албайт. Кыргызстандагы бардык авиакомпаниялар 2006-жылдан бери кара тизмеде. Андан чыгуу үчүн эл аралык стандартка жооп бере аларын далилдеши керек.