Радио

Жеңиш кызы: IT тармагында акысыз онлайн-курстар ачылды

БУУнун өнүктүрүү программасына караштуу Акселатор лабораториясынын эксперимент жүргүзүү боюнча жетекчиси Женни Жеңиш кызы өлкөдө IT багытында эмгектенген аялдар аз экенин айтты.
Sputnik
БУУнун өнүктүрүү программасы (ПРООН) Россия Федерациясынын финансылык колдоосу менен кыргызстандыктар үчүн IT-сабаттуулук боюнча курстарды ачты. Окутуулар 10 кыска видеосабактан туруп, YouTube контентине жайгаштырылды. Бул тууралуу Женни Жеңиш кызы Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган курстар кыргыз тилинде даярдалган.
"Пандемия учурунда бардыгыбыз эле көптөгөн кызматтардын кыскарганына күбө болдук. Мекемелер аралыктан иштөөгө өтүп, жалгыз гана IT тармагы кризиске кабылбай, тескерисинче, өнүгүп жатты. Мындан сырткары, окумуштуулардын божомолу боюнча, келчекте көптөгөн кесиптер кыскарып, ордун IT жаатын мыкты билген адистер толуктай турганы айтылат. "Мындай өзгөрүүлөргө Кыргызстан даярбы?" деген суроо жаралат. Өлкөдө аракеттер бар, Санарип министрлигинин да өзүнчө бөлүнүп түзүлүшү мындан кабар берет, бирок ошону менен катар эле көйгөйлөр да жок эмес. Мисалы, кыргыз тилинде окутуулар, адистерди даярдоо жокко эсе. Ошондой эле IT адистиктерине кызыккан кыздар абдан аз. Биз бул маселелерге аз да болсо салымыбызды кошуу максатында алгачкы 10 видеосабагыбызды кыргыз тилинде даярдадык, окутууда кыз-келиндерге басым жасап жатабыз", — деди Жеңиш кызы.
Адис окуу курстары каалоочулардын бардыгы үчүн жеткиликтүү, онлайн-форматта экенин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: