БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Болгарияда автобус кырсыктап, болжол менен 45 адам набыт болду. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн ИИМине шилтеме берип жазды.
Кырсык шейшембиге караган түнү "Стурма" автомагистралында болгон. Учурда транспорттун техникалык абалы жана айдоочу кандай ката кетиргени такталып жатат.
Улуттук тергөө кызматынын жетекчиси Борислав Сарафовдун айтымында, жүргүнчүлөрдүн денеси таанылгыс болуп күйгөн. Маркумдардын ар биринин ким экенин аныктоо үчүн үлгү алууга туура келет.
Алдын ала маалымат боюнча, автобуста 52 адам болгон. Алардын 45и (12си балдар) каза тапты. Буга чейин 46 адам набыт болгону кабарланган. Сарафовдун айтымында, жети киши ооруканага жеткирилди.
Ал эми ЖМКлардын маалыматы боюнча, Македониянын номери тагылган автобус Түркиядан Түндүк Македонияга бара жаткан.