БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров менен Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Москвада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматташуу жаатында бир катар маселелерди талкуулады. Бул туурасында өкмөт маалымат таратты.
Алар соода-экономикалык, жылытуучу-энергетикалык тармактагы өз ара алакалар тууралуу сүйлөшкөн.
Тараптар Кыргызстандын аймагында жалпы билим берүүчү мекемелерди куруу боюнча долбоорду иштетүүнү талкуулашкан. Өкмөттүн маалымат кызматы бул боюнча эки мамлекеттин башчылары сүйлөшүп, макулдашуу болгонун белгиледи.
"Кыргыз-россиялык өз ара мамиле эки жактын өнөктөштүгүндө, туруктуу, ар тараптуу өнүгүп келе жатат", — деп белгилеген Жапаров.
Ал Россия тарапка 1-декабрдан тарта эки мамлекеттин ортосундагы аба каттамдарын көбөйтүү жана жакында эле жиберилген россиялык 200 доза "Спутник Лайт" вакцинасы үчүн ыраазылык билдирген.
Жапаров менен Мишустин салык, бажы тармагындагы санариптештирүү системасын жана андагы бир катар маселелерди талкуулаган.
Мишустин Россия жаңы долбоорлорду ачып, иштетүү менен эки тараптуу мамилени жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендигин айткан.
Россия өкмөтүнүн төрагасы жакында Кыргызстанда болчу саясий өнөктүк — 28-ноябрдагы парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алууну каалаган.
"Биз силердин, Кыргызстандын союздашы жана страгетиялык өнөктөшү — Россия менен кызматташууну өнүктүрүүдөгү принципиалдуу кадамыңарды кубаттайбыз", — деген Мишустин.
Жолугушуунун соңунда Жапаров Мишустинди жакынкы мезгилде Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырган.