БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко Бишкектин кайсы жери өзгөчө жагарын айтты.
Маалымат жыйында андан Бишкек шаары 2019-жылдан бери канчалык өзгөргөнү тууралуу сурашкан (Шевченко Кыргызстанга акыркы жолу 2019-жылы келген).
"Бишкек кеңейип калгандай сезилди. Көп жаңы имараттар, жаңы турак жайлар курулуптур. Бирок мага эң жага турган жери эски шаар, борбор ошол бойдон экен. Бул мурас мурда кандай болсо, ошол бойдон калышы керек деп ойлойм. Ошол эле учурда шаар тоого жакын таза аймактарга карай өсүшү идеалдуу көрүнүш", — деген мушкер кыз.
Шевченко Бишкекке кечээ, 21-ноябрдын таңында, учуп келген. Ал мекенинде үч-төрт апта болорун, Ысык-Көлгө барууну пландаганын айтты.