Шевченко Нуньес менен үчүнчү кармашы тууралуу: ал менден өзү качып жаткандай

Кыргызстандык мушкер Шевченко буга чейин Нуньес менен эки ирет беттешке чыгып, экөөндө тең упай айырмачылыгы менен жеңилип калган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. UFC уюмунун чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко анын эзелки атаандашы бразилиялык Аманда Нуньес кайрадан беттешүүдөн качып жатканын билдирди. Бул тууралуу мушкер Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйында айтты.
Журналист спортчунун алдыдагы пландары жана Нуньес менен качан кармашарын сурады. Ошондой эле бразилиялык мушкер учурда табында эместигин да белгилеген.
"Алдыда дагы беттештерге даярданып, наамымды коргосом дейм. Ар бир мелдешимди жөн гана өткөрбөстөн, чеберчилигимди, мыктылыгымды көрсөткүм келет. Мен ал (Аманда Нуньес) жакшы же начар формада болот деп күтпөшүм керек. Биздин экинчи беттешибизде ал мыкты формада болчу, ал кармашты уткам. Мен аны беттешүүдөн качып жатат деп ойлойм. Ар убак беттешүүгө даярмын деп айтып келем. Тагыраагы, UFC кайсы убакта кааласа даярмын", — деди Шевченко.
Кучак толо гүл, аппак унаалардын кортежи. Шевченкону тосуп алуу учурунан видео
Кыргызстандык мушкер Шевченко буга чейин Нуньес менен эки ирет беттешке чыгып, экөөндө тең упай айырмачылыгы менен жеңилип калган.
Алгачкы жолу UFC 196 мелдешинде бразилиялык спортчуга калыстардын бирдей чечими менен жеңиш ыйгарылса, UFC 215 таймашында калыстардын көбү Нуньеске упай беришкен.
Кийин кыргызстандык мушкер эң жеңил салмак категориясына өтүп, чемпион болгон. Ошондон бери "Нуньес менен аягына чыкпай калган окуя" тууралуу айтып келет.