Шевченко: Кыргызстанга келишимдин ЖК шайлоосуна байланышы жок

Кыргызстандык UFC чемпиону 21-ноябрда Бишкекке келген. Журналисттер анын мекенге сапарынын ушул жумада өтө турчу парламенттик шайлоого тиешеси бар-жогун сурашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстанга болгон сапарынын Жогорку Кеңештин шайлоосу менен байланышы жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте берген маалымат жыйынында айтты.
"Келгенимдин шайлоого жана башка саясий окуяларга тиешеси жок. Биз августта келели дегенбиз, бирок ортодо беттешимдин убактысы коюлуп калды. Ошентип сапарым бир нече ирет жылды. Соңку ирет ноябрдын ортосунда барабыз деп чечип, эми келип отурабыз", — деди спортчу.
Мындан сырткары, Шевченкодон "Кыргызстандагы саясий абалга көз салып турасызбы жана дем алыш күнү өтө турчу шайлоого катышууга мүмкүнчүлүгүңүз барбы?" деп сурашкан.
Шевченко: ар бир адам максат коюш керек, 60 жашта деле турмушка чыкса болот
"Буга ар бир жаран жоопкерчилик менен карап, татыктуу талапкерин тандашы керек. Шайлоого катышпай, эмне болуп кетет деп четтеп карап турган дагы болбойт деп эсептейм. Документ боюнча менде шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк бар", — деген Шевченко.
Ошондой эле ал спорт тармагы саясаттан алыс болушу керектигин белгиледи.
Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко 21-ноябрда Бишкекке келди. Бүгүн, 22-ноябрда, маалымат жыйынын өткөрүп, андан соң күйөрмандары менен жолугушат. Ал жашоосундагы жагымдуу окуяга эки күн калганда келди. Тагыраагы, 23-ноябрда Netflix сервисинде ал катышкан Bruised тасмасынын премьерасы болмокчу. Анда Шевченко башкы ролдогу Жекинин, башкача айтканда, Холли Берринин спорттогу атаандашы болот.