Эмоцияга алдырды. Валентина Шевченко Рафаэль Физиев тууралуу оюн айтты

Физиев бир ай мурун Кыргызстандан кетери тууралуу билдирүү жасап, мындай кадамга барышына анын дин тутуу укугуна карата Кыргызстан муфтиятынын кийлигишүүсү себеп болгонун белгилеген. Бирок муфтият анын айткандарын негизсиз деген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиевдин Кыргызстандан кетип, өлкөнүн желегин мелдештерде көтөрүүдөн баш тартары тууралуу билдирүүсү боюнча Валентина Шевченко оюн айтты.
Шевченко Бишкектеги соода борборлордун биринде күйөрмандары менен кезигип, суроолоруна жооп берүүдө.
"Рафаэль жаш бала. Көп түйшүк тартып жатат десе болот. Күн сайын машыгат, балким, өзүн издеп жүрөт. UFC уюмунда күч сынашуу кыйын. Ар тараптан жоопкерчилик болгондо көп ойлоносуң. Айрым учурда жаштар ачууга алдырып жиберишет. Менимче, Рафаэль эмоцияга алдырып койду. Азыр ал, балким, өкүнүп жаткандыр", — деди кыргызстандык спортчу.
Ошондой Шевченко Физиев мекенден баш тарткан эмес деген пикирде экенин кошумчалады.
Шевченко Нуньес менен үчүнчү кармашы тууралуу: ал менден өзү качып жаткандай
Эске салсак, Рафаэль Физиев бир ай мурун Кыргызстандан кетери тууралуу Instagram баракчасы аркылуу билдирүү жасап, мындай кадамга барышына анын дин тутуу укугуна карата Кыргызстан муфтиятынын кийлигишүүсү себеп болгонун белгилеген. Ал ошондой эле мындан ары Кыргызстандын желеги менен беттештерге чыгууну токтоторун айткан. Анткен менен муфтият мушкердин айтканын четке каккан болчу.
Кыргызстанда туулган 28 жаштагы Рафаэль Физиев UFC уюмунда беш таймаш өткөрүп, анын төртөөндө жеңген. Буга чейинки кармаштарында ал Кыргызстандын желегинин астында чыгып келген.