БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кант шаарынан өткөн темир жолдун айрым бөлүгүн Россиянын аскер кызматкерлери оңдойт. Мындай ишти РФтин аскерлери алгачкы ирет жасап жатканын Россиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Алар темир жолдун 500 метрдей бөлүгүн оңдоп, 400дөн ашык шпаласын алмаштырып, 35 тонна рельс төшөйт. Оңдоо иштерине 30дай аскер кызматкери жана эки атайын техника тартылат.
Канттагы бириккен россиялык аскер базасы Жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрүнүн авиациялык бөлүгү болуп саналат. Ал ЖККУга мүчө мамлекеттердин аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыздайт.
Аскердик бөлүктө Су-25СМ чабуулчу (штурмовик) учактары жана модернизацияланган Ми-8МТВ5-1 тик учактары бар. Мындан сырткары, россиялык базанын курамына көп функционалдуу заманбап Орлан-10 учкучсуз учактары менен жабдылган чакан жана орто аралыкка учуучу авиациялык бөлүм, аскер полициясы жана аскердик жол полициясы бөлүмү кирет.