Ош облусунда дагы көмүр 3000 сомдон сатыла баштады. Даректер

Көмүр Өзгөн районунун 15 жаш деп аталган айылындагы карьерден алып келинип, буга чейин иштеп жаткан социалдык базаларда сатылат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Ош облусунун аймагында дагы көмүрдүн бир тоннасы 3000 сомдон сатыла баштады. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаровдун демилгесин ишке ашыруу үчүн Ош облусунун жетекчиси Зиядин Жамалдинов тапшырма берген.
"Көмүр Өзгөн районунун 15 жаш деп аталган айылындагы карьерден алып келинип, буга чейин Ош облусунун аймагында иштеп жаткан социалдык базаларда сатылат. Көмүрдүн сапаты атайын адистердин текшерүүсүнөн өткөрүлдү. Арзан көмүрдү алуу жана даректери тууралуу маалыматтар боюнча райондук мамлекеттик администрация же айыл өкмөттөргө кайрылсаңыздар болот", — деп айтылат маалыматта.
Учурда төмөнкү даректерде арзан көмүр сатылууда:
Облустук администрациянын маалымат кызматы мындан башка дагы даректер такталып жатканын айтып, арзан көмүр ар бир райондо жеткиликтүү болорун эскертти. Азырынча атайын чек коюлган, ар бир адам эки тоннага чейин гана ала алат.
Белгилей кетсек, тоннасы 3000 сом болгон көмүр Бишкекте эки кампада сатылууда.