Өкмөт күн нурунан электр энергиясын өндүргөн компанияларды иштешүүгө чакырды

Бүгүнкү күндө министрлик энергиянын альтернативдүү булактарына өтүү боюнча бир катар чараларды көрүп жатканы белгиленет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлиги күн нурунан электр энергиясын өндүрүү тармагына инвесторлорду издеп жатат. Бул туурасында аталган ведомство расмий сайтына жазды.
Бүгүнкү күндө министрлик энергиянын альтернативдүү булактарына өтүү боюнча бир катар чараларды көрүп жатканы белгиленет.
"Экономика жана коммерция министрлиги ата мекендик жана чет элдик компанияларды күн нурунан электр тогун өндүрүү боюнча долбоорлорго көңүл бурууга чакырат. Энергетика Кыргызстан экономикасынын негизги багыттарынын бири болуп саналат. Өлкө калкынын жыргалчылыгы көбүнчө энергетика тармагынын туруктуу жана ишенимдүү иштешинен көз каранды", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле министрлик дүйнөлүк практикада күн нурунан электр тогун өндүрүп ийгиликтүү иштеп жаткан компанияларды тизмектеди. Алар: LONGi Solar Technology Co., Ltd., LG Energy, REC Group, SunPower, Hanwha Q Cells, Trina Solar, Jinko Solar.