Кыргызстанга кирген зер буюмдар быйыл 10 тоннага көбөйгөн

Быйылкы жылдын январь-сентябрь ичинде Кыргызстанга зер буюмдарды сегиз өлкөдөн ташып киришкени маалымдалды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстан импорттогон кымбат металлдардан жасалган зер буюмдардын көлөмү бир нече эсеге өскөндүгүн Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.
Быйылкы жылдын январь-сентябрь ичинде өлкөгө 12,3 тонна зер буюмдарды алып киришкен. Анын акчасын эсептей келгенде 4,8 миллион долларды чапчыган.
Импорттолгон өлкөлөр:
Андан сырткары, аталган продукциялар Италия, АКШ жана Бириккен Араб Эмирлигинен кирген.
Өткөн жылдын тогуз айында Кыргызстанга 2,7 тонна зер буюмдар ташып келинген. Аны акча менен алганда 2,9 миллион доллар болгон.