Кыргызстан россиялык "Газпромбанк" менен меморандумга кол койду

Министрлер кабинетинен Россиядагы ири үч банктын биринин өкүлдөрү менен кандай маселелер талкуулангандыгын айтып беришти.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинети россиялык "Газпромбанк" акционердик коому менен мамлекеттик долбоорлорду, программаларды ишке ашырууда банктык келишимдерди коштоо иштерин киргизүү боюнча кызматташуу меморандумуна кол койгон.
1 / 3
Министрлер кабинети россиялык "Газпромбанк" акционердик коому менен мамлекеттик долбоорлорду, программаларды ишке ашырууда банктык келишимдерди коштоо иштерин киргизүү боюнча кызматташуу меморандумуна кол койгон
2 / 3
Министрлер кабинетинин маалымат кызматы төрага Акылбек Жапаров Москвада аталган банктын биринчи вице-президенттери Денис Камышев жана Алексей Попович менен жолуккандыгын билдирди
3 / 3
Алар Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуу мыйзамдарын өнүктүрүү алкагында "Газпромбанктын" тажрыйбасы менен технологияларын улут аралык банктык келишимдерди колдоо иштеринде колдонууну талкуулашкан
Министрлер кабинетинин маалымат кызматы төрага Акылбек Жапаров Москвада аталган банктын биринчи вице-президенттери Денис Камышев жана Алексей Попович менен жолуккандыгын билдирди. Алар Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуу мыйзамдарын өнүктүрүү алкагында "Газпромбанктын" тажрыйбасы менен технологияларын улут аралык банктык келишимдерди колдоо иштеринде колдонууну талкуулашкан. Мындан соң меморандумга эки жактан — кыргыз тараптан финансы министри Алмаз Бакетаев, "Газпромбанктан" вице-президенттин милдетин аткарган Олег Мельников кол койгон.
Жапаров менен Мишустин Москвада жолукту. Талкууланган маселелер
Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, "Газпромбанк" — Россиядагы универсалдуу финансы институттарынын бири. Ал кеңири тармактагы банктык кызматтарды көрсөтөт. Россиянын экономикасында маанилүү делген тармактарды тейлейт жана өлкө көрсөткүчү боюнча ири делген үчтүктү толуктайт.