COVID жуктурган төрт бейтап көз жумуп, 51 адам оору жуктурду. Соңку маалымат

Көз жумгандар Баткенде, Бишкекте жана Чүйдө дарыланып жаткан. Жугуштуу оору баш-аягы 2 727 адамдын өмүрүн алды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 22-ноябрга карата COVID-19 инфекциясы 51 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Ооругандар:
Тилекке каршы, акыркы суткада коронавирус жуктурган төрт киши көз жумган. Бейтаптар Баткенде, Бишкекте жана Чүйдө дарыланып жаткан. Жугуштуу оору баш-аягы 2 727 адамдын өмүрүн алды.
Өткөн суткада 57 киши айыккан. Жалпысынан ооруну 177 499 бейтап жеңди.
Азыр стационарда 483 бейтап дарыланууда, амбулатордук түрдө 641 адам жардам алып жатат. Ооруканадагы бейтаптын 284ү орто, 170и оор жана 29у өтө оор абалда.