БИШКЕК, 22-ноя.— Sputnik. Бишкектеги айрым май куюучу бекеттерде бензин жок болуп жатканын социалдык тармактын колдонуучулары билдирип, сүрөт жарыялады.
Кайрат Жапаров аттуу колдонуучу Facebook баракчасына эки-үч май куюучу бекеттерде "бензин жок" деп жазылган сүрөттү жүктөп, күйүүчү май маселесин алдын ала карап коюуну суранган. Ал сүрөт кайсы жакта тартылганын жазган эмес.
Буга чейин аймактардагы кээ бир май куюучу бекеттерде иштеген операторлор дагы бул маселени айтып, күйүүчү май тартыш болгондуктан иштебей турганын кошумчалашкан. Алар менен кайра байланышканыбызда учурда күйүүчү май аз-аздан келип жатканын билдиришти.
Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов түзүлгөн кырдаалга өлкөдө күйүүчү май ташыган чакан компаниялардын жабылып жатканы себеп экенин түшүндүрдү.
"Күйүүчү майдын баасы кымбаттагандыктан, май куючу жайларды иштеткен чакан компаниялар жабыла баштады. Россиянын заводдору дагы азыр ири көлөмдө мунай затын жөнөтпөй калды. Майда партия менен келип жатат, бирок аны чакан компаниялар жок болгондуктан чоң компаниялар ташып жетишпей калууда. Ошондон улам күйүүчү май түгөнүп калып, айрымдары бензин жок туруп калууда", — деди Эшатов.
Ал чоң компаниялардын май куюучу бекеттеринде бензиндин айрым гана түрлөрү жок болуп калып жатканын кошумчалады.
Буга чейин өлкөдө дизель тартыш болуп жатканы айтылып, Эшатов буга Россияда дизель майынын аз болуп жатканы себеп экенин белгилеген. Ошондой эле май куюучу жайларын камсыздоого аракет кылган ири нефтетрейдер чакан компанияларга да дизелди сатпай калганын кошумчалаган.