Бишкекте жол кырсыктан набыт болгон кыргызстандыктарды эскерүү жүрүшү өттү.
Австралияда кызыл крабдар жер бетин бербей токойго көчтү. Бул жаныбарлардын массалык миграциясы жер бетиндеги таң каларлык процесстердин бири. Ал учурда 120 миллиондой краб аралдын аймагын килем сындуу каптап калат.
Сан-Паулуда (Бразилия) салт болуп калган Мода жумалыгы болду.
Бишкекке 21-ноябрдын таңында UFC чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко АКШдан учуп келди. Ал кичи мекенинде бир айга жакын убакыт турарын, кыргыз бермети Ысык-Көлгө барарын айтты.
Каракас шаарындагы аянтка 12 миң музыкант Петр Чайковскийдин "Славян маршын" аткаруу үчүн келди. Мындай иш-чара Гиннестин рекорддор китебине кирүү үчүн Венесуэлада болду.
Беларуста миңдеген мигранттар Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадан келип Польшаны көздөй жылды. Польша бийлиги муну "массалык түрдө ичкери кирип кетүүгө кылган катуу аракет" деп баалап, үй-жайынан безгендерди өткөрүүгө караманча каршы турду.
Кыргызстанда Садыр Жапаров 15-ноябрда Бишкек шаарынын чет жагындагы ТЭЦ-2 тарапта жайгашкан үйлөргө кызыл китеп (документ) берилерин айтып, министрлер кабинетине бул боюнча тийиштүү тапшырма берди. Башкалар үчүн жөнөкөй маалымат болгону менен бул аталган аймактын жашоочулары үчүн өтө маанилүү убада болуп калды.