Каныкей Кубанычбекова Ок атуу спорту федерациясынын кубогун утуп алды. Сүрөт

Каныкей жыл башынан бери төрт этап менен өткөн жарыштан жетиштүү упай топтой алган. Анын бир тууган сиңдиси да алдыңкы орунду ээледи.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Токио Олимпиадасынын катышуучусу Каныкей Кубанычбекова Кыргызстандын Ок атуу спорту федерациясынын кубогун утуп алды. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине спортчу өзү тастыктады.
1 / 3
Токио Олимпиадасынын катышуучусу Каныкей Кубанычбекова Кыргызстандын Ок атуу спорту федерациясынын кубогун утуп алды
2 / 3
Республикалык деңгээлдеги турнирдин финалдык бөлүгү 21-ноябрь күнү борбор калаада өткөн. Кубанычбекованын айтымында, кубокко жетүү үчүн төрт этаптан тең упай чогултуу талап кылынат.
3 / 3
Мындан сырткары, ушул эле турнирде анын бир тууган сиңдиси Кайыргүл Кубанычбекова да спорттун тапанча менен атуу түрүнөн экинчи орунду алган
Республикалык деңгээлдеги турнирдин финалдык бөлүгү 21-ноябрь күнү борбор калаада өткөн. Кубанычбекованын айтымында, кубокко жетүү үчүн төрт этаптан тең упай чогултуу талап кылынат.
"Федерациянын регламенти боюнча биринчи этап жазда башталат, андан кийин мезгил-мезгили менен өтөт. Мен алгачкы этапты жеңип, экинчисинде утулуп калгам. Үчүнчүсүндө жакшы жыйынтык көрсөттүм, кечээ да жетиштүү упай чогултуп ийгилик жарата алдым", — деди Кубанычбекова.
Мындан сырткары, ушул эле турнирде анын бир тууган сиңдиси Кайыргүл Кубанычбекова да спорттун тапанча менен атуу түрүнөн экинчи орунду алган.
Ал эми Кыргызстандын Ок атуу спорту боюнча федерациясы жеңүүчүлөр төрт категория менен аныкталганын билдирди. Жалпы жонунан 40 спортчу катышкан.

Алар төмөнкүлөр:

Кыз-келиндер арасында мылтык менен атуу:
Эркектер арасында мылтык менен атуу:
Кыз-келиндер арасында тапанча менен атуу:
Эркектер арасында тапанча менен атуу: