Канттагы авиабазага диверсиялык топ "кол салды". Машыгуунун сүрөттөрү

Сценарий боюнча каршылаштардын диверсиялык тобу Россиянын аскердик объектисин басып алууга аракет кылат. Нөөмөттө турган аскерлерге БТР-82 сооттолгон унаасы менен антитеррордук топ жардамга келген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Канттагы Россиянын авиабазасынын терроризмге каршы бөлүгү окуу-машыгуунун жүрүшүндө көзөмөлдөп өткөрүү пунктунан каршылаштын чабуулун артка кайтарды. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлигинин Борбордук аскер округунун маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Канттагы Россиянын авиабазасынын терроризмге каршы бөлүгү окуу-машыгуунун жүрүшүндө көзөмөлдөп өткөрүү пунктунан каршылаштын чабуулун артка кайтарды
2 / 3
Сценарий боюнча каршылаштардын диверсиялык тобу Россиянын аскердик объектисин басып алууга аракет кылат
3 / 3
Көзөмөлдөп өткөрүү пунктунда нөөмөттө турган аскерлерге БТР-82 сооттолгон унаасы менен антитеррордук топ жардамга келген.
Сценарий боюнча каршылаштардын диверсиялык тобу Россиянын аскердик объектисин басып алууга аракет кылат. Көзөмөлдөп өткөрүү пунктунда нөөмөттө турган аскерлерге БТР-82 сооттолгон унаасы менен антитеррордук топ жардамга келген.
"Россиялык аскерлер чабуул койгондор менен атышып, кылмышкерлердин тобун аскер базасынын аймагынан сүрүп чыгарды жана артка чегинип баштаган диверсиялык топтун мүчөлөрүн колго түшүрдү", — деп жазылган маалыматта.
Окуу-машыгууга 50 аскер менен 10 аскер техникасы тартылган.
Канттагы россиялык биргелешкен аскердик база — Тез аракетке келүүчү жамааттык күчтөрдүн бир бөлүгү. Ал ЖККУ мамлекеттеринин коопсуздугун абадан коргоп, камсыздап турат. Карамагында чабуул жасоочу Су-25 учактары менен Ми-8 тик учактары бар.