УКМК төрагасы Ташиевге жаңы орун басар дайындалды

Конституциянын 71-беренесине ылайык, Абдыкадыр Разаев Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борбордун директору болуп дайындалды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борборунун директору Жанибек Жоробаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Президенттин башка буйругу менен ушул эле кызматка Абдыкадыр Разаев дайындалды.