Кыргызстанда жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси түзүлөт. Максаты

Базарбаев 2022-жылдын январь айынын аягына чейин социалдык камсыздоо боюнча карта даяр болушу керектигин белгилеген. Анда аз камсыз жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн саны көрсөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жөлөк пул алган аз камсыз үй-бүлөлөрдөн башка дагы жардамга муктаждардын тизмесин түзүү тапшырмасын берди.
Радио
Алапаева: быйыл 110 миңден ашуун жаранга "балага сүйүнчү" төлөндү
Министрлик Бишкекте аталган жардам акчаны алуу үчүн 4 000 адамдан арыз түшкөнүн билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгында 3 700үнө 18,6 миллион сом төлөнүп берилген.
Бишкектен сырткары Чүй облусунун өкүлдөрү да көмүр менен камсыз кылуу боюнча отчёт беришкен. Анда Базарбаев айыл, райондордогу жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүүнү тапшырган.
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алып жүргөн аз камсыз үй-бүлөлөрдү гана эмес, андан башкаларын да эске алыш керек. Анткени бул жөлөк пул 3төн 16 жашка чейинки ар бир үчүнчү балага жана айлык кирешеси бир адамга 1 000 сомго жетпегендерге берилет. Ал эми бизде кирешеси андан көбүрөөк, бирок жөлөк пул албай, татаал шартта жашагандар бар. Аларга да жардам көрсөтүшүбүз керек", — деди министр.
Базарбаев 2022-жылдын январь айынын аягына чейин өлкө боюнча социалдык камсыздоо картасы даяр болушу керектигин белгилеген. Анда аз камсыз жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн саны көрсөтүлөт. Бул карта социалдык жардамды тең бөлүштүрүү максатында түзүлө турганы айтылды.