Кучак толо гүл, аппак унаалардын кортежи. Шевченкону тосуп алуу учурунан видео

UFC чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстанга келди. Аны "Манас" эл аралык аба майданынан апасы Елена Шевченко, Бүткүл дүйнөлүк кулатуу (WEF) федерациясынын жетекчилиги жана күйөрмандары тосуп алды.
Sputnik
Валентина Шевченко Кыргызстандын туусун коюп пост жарыялады
Шевченко журналисттерге кыскача маек куруп, Кыргызстанда 3-4 жума жүрөрүн айтты. Бул аралыкта Ысык-Көлгө да баруу ниети бар экенин билдирди.
UFC чемпиону эртең, 22-ноябрда, саат 14:00дө журналисттерге маалымат жыйын берет. Андан соң саат 16:00дө "Аю Гранд" соода борборунда күйөрмандары менен жолугат. Ошондой эле аны президент Садыр Жапаровдун кабыл алары күтүлүүдө.