Рактын өрчүп кетишин 91 пайызга арттырган кошулма тууралуу адис айтып берди

Эксперттер кээ бир илимий тажрыйба рактан коргобостон, аталган илдетти чакырарын аныктагандан кийин ишти дароо токтотушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Селенди E витамини менен кошуп ичкенде эркектердин простата рагынын өрчүшүн 91 пайызга арттырат. Бул туурасында Express басылмасына шилтеме кылып, РИА Новости жазды.
Экспериментке 35тен ашык киши катышкан. Окумуштуулар азык-түлүк кошулмалардын онкологиялык оорулардын алдын алууга кандай жардам берерин аныктоо максатын койгон. Эксперттер алардын бир катарлары рактан коргобостон, аталган илдетти чакырарын аныктагандан кийин тажрыйбаны дароо токтоткону макалада айтылган.
Эркекти бүк түшүргөн простата рагы. Оорунун жаңы себептери аныкталды
Адамдын организминде башында аз болгондуктан селен минералы анча кооптуулук жараткан эмес. Бирок бейтаптар анын кошулмасын ичип, дозаны 91 пайызга көтөргөндө простата рагына кабылуу ыктымалдыгы көбөйгөн.
Илимий эмгектин авторлорунун бири, Сиэтлдеги Фред Хатчинсон атындагы онкологияны изилдөө борборунун доктору Алан Кристал пайда алып келбестен, организмге бир топ кооптуулук жараткандыктан селен менен Е витаминин кошуп ичүүнү токтотууга кеңеш берген.
Селен организмде иммундук клеткаларды калыптандырууда маанилүү роль ойногон заттардын бири.