Кызганчаак аялдын айласын кантип табыш керек. Кеңеш

Психолог түгөйүнүн ашыкча кызганчаак экенин байкаган адамдарга адистерге кайрылып, психологиялык терапиядан бирге өтүүнү сунуштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Психолог Александр Колмановский аялы кызганчаак эркектин жашоосу канчалык татаал болору тууралуу РИА Новости агенттигине айтып берди.
Адистин пикиринде, кандай гана кызганыч болбосун анын негизги себеби адамдын өзүнө ишенбөөчүлүгү.
"Андыктан жубайы кызганчаак эркектер каршылык көрсөтүп, чатак чыгаргандын ордуна келинчегине күч-кубат берип, өзүнө ишенимин бекемдөөгө жардам бериши керек. Анткен менен кызганчаак аял күйөөсүнө жаратчу бир нече коркунучтар бар. Эркек жубайынын көңүлүн табам деп жүрүп калпты көп айтып калышы мүмкүн. Мындай учурда эркек эптеп чыр чыкпай, кулак-мээ тынч болсо экен деп көп нерсеге даяр болуп калат. Өз кызыкчылыгын таптакыр унутуп коёт", — дейт Колмановский.
Ошондой эле адис кызганчаак аялдын күйөөсү көпчүлүк учурда чүнчүп, түнт болуп кетерин кошумчалады.
Андыктан психолог түгөйүнүн ашыкча кызганчаак экенин байкаган адамдарга адистерге кайрылып, психологиялык терапиядан бирге өтүүнү сунуштады.