Кыргызстанда шайлоочулардын саны дээрлик 100 миңге көбөйдү

Жалпысынан добуш берүү үчүн 2 494 шайлоо участогу түзүлгөн, анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет өлкөлөрдө ачылган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда шайлоочулардын саны 3 миллион 703 миң 420га жетти, анын ичинен 84 128 жаран чет өлкөдөн добуш берет. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумга (3 606 201) салыштырганда шайлоочулардын жалпы саны 97 219 шайлоочуга көбөйдү.
Шайлоо өнөктүгүнө кайсы партия көп каражат жумшап жатат? Тизме
Бул тууралуу бардык маалыматтар "Тизме" мамлекеттик порталына жайгаштырылды. Бүгүндөн тарта шайлоочулардын толук тизмеси бардык шайлоо участокторунда илинет.
Жалпысынан 2 494 шайлоо участогу түзүлгөн, анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет өлкөлөрдө ачылган.
Кыргызстандыктар шайлоочулардын тизмесинде бар-жогун, тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынын номери жана дареги тууралуу маалыматты төмөнкү жолдор менен тактап алса болот:
Өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүү (чалуу, СМС жөнөтүү акысыз).