COVID: үч бейтап көз жумуп, 53 адам ооруду. 21-ноябрдын маалыматы

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп, стационарда 474 жана амбулатордук шартта 661 бейтаптын дарыланып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 53 адамдан коронавирус табылып, үч бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Оору менен алышып жаткан 73 адам айыгып кеткен.
Жуктургандар:
Коронавирустан кийин кайсы азыктарды көп жеш керек? Дарыгердин кеңеши
Азыркы тапта стационарда 474, ал эми амбулатордук шартта 661 адамдын дарыланып жатканы айтылды.
Өткөн суткада эмдөөдөн 7155 киши өттү, анын ичинен 3 338и биринчи дозаны, 3 817 киши экинчи компонентти алган. Ал эми жалпылап эсептегенде, биринчи дозаны алгандардын саны 1 070 464кө, экинчи дозаны сайдыргандардын саны 851 071ге жетти.